Балык өстүргөн ишкер: отставкадагы полковник 3 млн. сомго алдап кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековКитайцы займутся рыбным хозяйством в КР
Китайцы займутся рыбным хозяйством в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкер акчасын бербей качып жүргөндөрдүн бири милициянын отставкадагы полковниги экенин айтууда.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Балык чарбасын иштеткен Илгиз Шаменов андан чабак алган эки киши үч миллион сомго алдап кеткенин айтып Sputnik Кыргызстанга кайрылды.

Ишкер бул боюнча милицияга арыз жазганы менен натыйжа болбой жатканына нааразы болууда.

"Эки киши чарбага келип сүйлөшүп ишеничибизге кирген. Анын бири милициянын отставкадагы полковниги болчу. Чабактарды 5-августта алып кетишкен. Бир жумадан кийин акчасын төлөөгө макулдашканбыз. Бирок арадан бир ай өтсө да бербей качып жүрүшөт. Панфилов райондук милициясына 22-августта арыз жазып, прокуратурага да кайрылдым. Бирок алар кош көңүл мамиле жасап, ишти жакшы карабай жатат", — деди Шаменов.

Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы Илгиз Шаменовдон арыз түшкөнүн тастыкташты. Аталган факты Жазык кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Случаи мошенничества в КР - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик аялдарды 110 миң долларга отургузуп кеткен. Шектүү кармалды
Милиция арызда 2 002 500 сомду өндүрүп берүү өтүнүчү жазылганын маалымдап, алдамчылык боюнча бир эле адам тергелип жатканын кабарлады.

"Тергөөнүн жүрүшүндө доо коюлган адам Ысык-Ата районунун К.Э. аттуу 43 жаштагы тургуну экени белгилүү болду. Ал 25-августта Панфилов РИИБдин тергөө кызматына алып келинип арыз ээси менен жолуккан. Анда экөө мурда тааныш экени, ортолорунда арызда жазылгандан башка дагы чабак сатуу боюнча келишими болгону аныкталды", — дешти милициядан.

Азыркы тапта жагдайдын чоо-жайын тактоо үчүн ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0