Кой-Таш окуясынан соң банктын айнегин "жөн эле" талкалап салган кыз кармалды. Сүрөт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПовседневная жизнь
Повседневная жизнь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыкчам-издөө аракеттеринин жыйынтыгында 17 жаштагы кыз кармалды.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кой-Таш окуясынан кийин Бишкек шаарында болгон башаламандык учурунда калаадагы банктардын биринин айнегин талкалады делген кыз кармалды. Бул тууралуу ШИИББден билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-августта Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө банктын Ж.А. аттуу өкүлү арыз менен кайрылган. Ал укук коргоочулардан кеңсенин айнегин талкалап кеткен белгисиз кызга чара көрүүнү өтүнгөн. 

© Фото / пресс-служба УВД Первомайского района БишкекаКой-Таш окуясынан кийин Бишкек шаарында болгон башаламандык учурунда калаадагы банктардын биринин айнегин талкалады делген кыз кармалды
Кой-Таш окуясынан соң банктын айнегин жөн эле талкалап салган кыз кармалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Кой-Таш окуясынан кийин Бишкек шаарында болгон башаламандык учурунда калаадагы банктардын биринин айнегин талкалады делген кыз кармалды

"9-августка караган түнү саат 00.00 чамасында 20-25 жаштар чамасындагы кыз тартип бузуп, Панфилов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан банктын филиалынын айнегин талкалап кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин интернет айдыңында банктын айнегин таш менен уруп талкалаган кыздын видеосу тараган. Ал ошол жердеги адамдардын "эмнеге мындай кылдың?" деген суроосуна "жөн эле" деп жооп берген.

Случаи смертельной драки в КР - Sputnik Кыргызстан
Эркектин мыкаачылык менен сабалган видеосу. Шектүүлөрдүн сүрөтү жарыяланды
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча каттоого алынган.

Ыкчам-издөө аракеттеринин жыйынтыгында борбор калаанын аймагынан 17 жаштагы А.А. аттуу кыз кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.

Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0