Аёосуз сабалган эркектер. Милиционерлерге кылмыш иши козголду

CC0 / Pavlofox / Мушташ. Архив
Мушташ. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөө иштери менен УКМК алектенүүдө.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Ленин райондук прокуратурасы Бишкекте мыкаачылык менен эркектер сабалган жерге барган төрт милиционерге каршы кылмыш ишин козгоду.

Укук коргоочулар Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 348-беренеси ("Кылмышты жашыруу") боюнча шектүү катары каралып жатат. Тергөө амалдары менен УКМК алектенүүдө.

Буга чейин жабыркагандардын биринин эжеси райондук прокуратурага кайрылып, милиционерлердин шалаакылыгына чара көрүүнү суранган. 

Деятельность сотрудников МВД в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Кишилерди чала жан кылып сабагандарды алып кеткен милиционер ким
28-августта болжол менен саат 7:00дөр чамасында Бишкек ШИИБге Жал кичи районундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган. Окуя болгон жерге №479 экипаж чыгып кеткен. Алардын катарында милициянын кайгуул-күзөт кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери болгон.

Андан сырткары, окуя болгон жерге Чүй ОИИБдин кызматкери Казыбек Бапышев да келген. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, шектүү Бапышов Жаныбек Сейитбекович менен 1999-жылы туулган Сейитбеков Калысбек Сейитбековичти кылмыш болгон жерден алып кеткен. Бапышев шектүүлөрдүн бир тууганы экени айтылган.

Казыбек Бапышев ИИББдин аймактагы криминалдык милиция кызматында иштейт. Маалымат кызматы кызматтык териштирүү аяктаганга чейин анын аракетине эч кандай комментарий берилбей турганын кабарлады. Ал буга чейин башка төрт киши менен чогуу 2013-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 305 ("Кызмат абалынан пайдалануу") жана 325-беренеси ("Көрсөтмө берүүгө мажбурлоо") боюнча сот жоопкерчилигине тартылган. Кылмыш иши эмне менен аяктаганы белгисиз. Алардын аракетинен үч киши жабыркаган.

Ал эми 2013-жылы Бапышев КР ИИМдин чемпионатында 100 килограммдан ашык салмак категориясында кыргыз күрөшү боюнча үчүнчү орунду алган. Анда ал 500 сом, диплом жана медаль менен сыйланган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0