00:48 15 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0878
Ооруканадагы киши.  Архивдик сурөт

Экөөнүн тең абалы оор. Министрлик Бишкекте сабалгандар боюнча маалымат берди

© Sputnik / Владимир Песня
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Бишкекте чала жан сабалган кишилер (28)
5139 0 0

Эки кишини 28-август күнү Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" супермаркетинин жанында сабап кетишкен.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бишкекте мыкаачылык менен ур-токмокко алынган эки эркектин тең абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Эске салсак, интернетке Бишкекте эркек киши катуу сабалып жаткан видео тараган. Анда көрүнүп тургандай, бир нече эркектин ортосунда чыр чыгып кетет. Алардын бири катуу сокку алып эсин жоготот. Экинчиси каршылык көрсөтүүгө аракет кылат, бирок эки эркек аны ур-тепкиге алат. Шектүүлөрдүн ким экени аныкталып, учурда аларды милиция издеп жатат.

"Экөө тең башынан катуу жаракат алган. Бири кома абалында келип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Кечээ абалы турукташып, нейротравматология бөлүмүнө которулду. Башы магниттик-резонанстык томографияга тартылды. Мээсинде кан шишиги бар экен, бирок аны операциясыз эле дарыламай болушту", — деди Айгерчинова.

Анын айтымында, экинчи оорулуу дагы бардык тиешелүү кароолордон өттү. Анын дагы мээсинде шишик бар. Ошондой эле бет сөөгү талкаланып кеткендиктен, ушул тапта бет-жаак бөлүмүндө жатат.

Сынган сөөктөрдү калыбына келтирүү үчүн ага операция жасалары айтылды. Бирок качан экени азырынча белгисиз. Дарыгерлер бейтаптын шишиктери тарагыча күтмөкчү.

Тема:
Бишкекте чала жан сабалган кишилер (28)

Тема боюнча

Эркектин мыкаачылык менен сабалган видеосу. Шектүүлөрдүн сүрөтү жарыяланды
Белгилер:
абал, Жылдыз Айгерчинова, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ