Эркектин мыкаачылык менен сабалган видеосу. Шектүүлөрдүн сүрөтү жарыяланды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи смертельной драки в КР
Случаи смертельной драки в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернетте тараган тасмадан эки эркек кишинин бир адамды мыкаачылык менен ур-тепкиге алып жатканы көрүнүп турат. Милиция шектүүлөрдүн сүрөтүн жарыялады.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Милиция тарабынан эркек кишини өлтүрүүгө аракет кылды делгендер изделүүдө. Бул тууралуу ШИИБ билдирди. 

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаМилиция эркек кишини өлтүрүүгө аракет кылды делгендер изделүүдө
Эркектин мыкаачылык менен сабалган видеосу. Шектүүлөрдүн сүрөтү жарыяланды - Sputnik Кыргызстан
Милиция эркек кишини өлтүрүүгө аракет кылды делгендер изделүүдө

Мыкаачылык менен сабалып жаткан адамдын видеосу интернетке жарыяланган. Анда эки киши бирөөнү катуу сабап жатканы көрүнүп турат.

2019-жылдын 28-августунда Ленин райондук милициясына Д.М. аттуу аял киши кайрылып, эртең мененки саат 7.00дөрдө Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" супермаркетинин жанында күйөөсүн сабап, из жашырып кеткендерге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Ур-тепкиден жаракат алган 31 жаштагы жабырлануучуну тез жардам Улуттук госпиталга алып кеткен.

Насилие в семье - Sputnik Кыргызстан
Эркек кишинин катуу сабалып жаткан видеосу тарады. Бишкектеги окуя
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин ("Саламаттыкка оор залака келтирүү") негизинде Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Жабырлануучунун бет сөөгү сынып, дене бою көгала болгон. Бул факты дагы "Бейбаштык" беренеси боюнча каттоого алынып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалганы айтылды.

Иликтөө учурунда Ленин РИИБдин криминалдык милициясынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип 34 жаштагы Бапышов Жаныбек Сейитбекович менен 20 жаштагы Сейитбеков Калысбек Сейитбекович табылды.

31-август күнү иш Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренесине өзгөртүлүп, шектүүлөрдүн ата-энелерине балдарынын аталган кылмышка тиешеси болушу мүмкүн делген билдирмелер тапшырылган.

Ушу тапта иликтөө иштери уланып, шектүүлөр изделүүдө.

Милиция эгер жогоруда аты аталгандар тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, 102 номерине кабарлап коюуну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0