Кыргыз-тажик чек арасы: асманга ок атылды

Жазылуу
Окуя Кыргызстандын жарандары Ак-Сай дарыясынын жээгинен шагыл жүктөп жаткан кезде болгон.

БИШКЕК, 2-сен. - Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам асманга эскертүүчү ок атылды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Окуя 2-сентябрда Ак-Сай айылынан анча алыс эмес жерде болгон.

Кыргызстандын жарандары Ак-Сай дарыясынын жээгинен (Кыргызстан жагы) шагыл жүктөп жатышкан. Бул маалда суунун тигил жээгине тажик чек арачылары (Тажикстан тарабы) келип асманга ок чыгарган. Аталган окуя боюнча эки мамлекеттин чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0