17:08 22 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Сууга түшкөн бала. Архивдик сүрөт

Ош: 8 жаштагы эки бала сууга чөктү. Бирөөнүн ата-энеси Россияда иштеп жүргөн

© AFP 2019 / Jan-Philipp Strobel / DPA
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
128 0 0

Тергөөнүн негизги божомолуна караганда, жаш балдардын бири сууга түшүп кетип, экинчиси аны куткарам деп жатып экөө теӊ агып кеткен болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. 31-август күнү Ош шаарындагы Ош — Араван каналынан сегиз жаштагы баланын сөөгү табылды. Анын сөөгүн балык уулап жүргөндөр табышкан. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты.

Маалыматта алардын бири мигранттын баласы экени айтылды. 

Ага ылайык, сегиз жаштагы эки бала 31-август күнү саат 12.00 чамасында үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келишкен эмес. Бирөөнүн сөөгү каналдан ошол эле күнү, экинчисин, эртеси — 1-сентябрда суудан табышкан.

"Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кошумча иликтөөлөр жүрүп жатат. Наристелердин денесинде зомбулуктун белгилери байкалбайт. Экөө теӊ кийимчен болушкан. Тергөөнүн негизги божомолуна караганда, жаш балдардын бири сууга түшүп кетип, экинчиси аны куткарууга аракет жасап жатып, экөө теӊ агып кеткен болушу мүмкүн. Азырынча көргөн күбөлөр чыга элек", — деп айтылат маалыматта.

Чөгүп кеткен жеткинчектер бир туугандын балдары болушкан. Алардын бирөөнү ата-энеси бир тууганынын үйүнө таштап, Россияга иштегени кеткен.

Тема боюнча

Ысык-Көлдө бир күндө төрт киши чөгүп кетти
Ысык-Көлгө 29 жаштагы киши чөгүп кетти
Белгилер:
балдар, чөгүп кетүү, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ