Бишкектик аялдарды 110 миң долларга отургузуп кеткен. Шектүү кармалды

Жазылуу
Шектүү катары 41 жаштагы киши кармалды.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкекте ири суммадагы алдамчылыкка шектелген киши кармалды. Бул тууралуу ШИИББден билдиришти.

Жилой дом для переселения по программе реновации в Москве - Sputnik Кыргызстан
Элди алдап сегиз батир саткан... Бишкек мэриянын кызматкери изделип жатат
Маалыматка караганда, 29-август күнү бишкектик аял милицияга арыз менен кайрылган. Ал таанышы курулуш компаниясы менен болгон соттук териштирүү иштерине жардам берем деп 73 миң доллар алып качып кеткенин билдирген.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголуп, 41 жаштагы шектүү кармалган.

Кийинчерээк ушундай эле арыз менен дагы башка аял кайрылып, шектүүгө 36 миң доллар бергенин билдирген. Ал факты боюнча дагы өзүнчө кылмыш иши козголгон.

Учурда милиция колго түшкөн кишинин башка дагы кылмыштарга тийиштиги бар-жогун изилдеп жатат. Жабыркагандар болсо (0554) 10-22-86, (0508) 12-12-12 жана 102 номерлерине кабарлай алат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0