Келинчегин 41 жолу бычак менен сайып өлтүргөн. Август айындагы соттук чечимдер

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи нападения на человека с ножом
Случаи нападения на человека с ножом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы төрөлгөн ымыркайды 190 миң сомго сатууга аракет жасаган үч аялдын тең үчтөн, төрттөн балдары бар. Өз уулун тыйынга алмаштыргысы келген келин 25 жашта болсо, анын жанындагы экөө ооруканада медайым болуп иштечү.

Sputnik Кыргызстан агенттиги август айындагы чуулгандуу соттук иштерге көз салып, айрым чуулуу чечимдерди сунуштайт.

Сириядан качкан кыргызстандык

Соттолуучу 2013-жылы кошунасы менен жакшы мамиледе болуп беш маал намаз окуй баштаган. Коңшусу ага үгүт иштерин жүргүзүп, жабык диний экстремисттик сабактарга алып барган.

Кийинчерээк Россиядагы Абу Аюб аттуу чет элдик жаран менен таанышып, ал Сириядан жакшы акча табууга болорун айтып ишендирген. Мындан улам жаран Россияга барып, андан ары Стамбулга учуп кеткен. Ал жактан ортомчулар аркылуу автобустар менен Сирияга жетип, согуш жүрүп жаткан аймакта болгон.

Ртуть. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Ош: сымап сатып кызын турмушка узатмак болгон киши кесилип кетти. Өкүм
Сотто айыпталуучу туура эмес иш жасаганын 5-6 айдан кийин түшүнгөнүн айткан.

"Сирияда 5-6 ай жүрүп туура эмес иш кылганымды түшүндүм. Бир күнү өзүмдүн колумду мылтык менен атып Сириядан Түркияга качып кеттим. Түркия аркылуу кайра Россияга келип Хакасиядагы эжемдикинде төрт жылдай жашадым. 2019-жылы апрель айында Ошко учуп келгенимде мени УКМК кызматкерлери кармады. Сириядан өзүм качып келгендиктен мени актаңыздар", — деп көрсөтмө берген соттолуучу.

28 жаштагы үч баланын атасы соттун чечими менен үч жылга кесилди.

Мыкаачы күйөө

Айыпталуучу үч жыл мурун үйлөнүп келинчеги менен түтүн булатып келген. Күндөрдүн биринде үй-бүлө башчысы аялы менен уруша кетип, аны мыкаачылык менен бычактап салган. Күбөлөр сотто шектүү психикалык жактан жабыркап, буга чейин өзүн-өзү бычактаганын айтышкан. Келинчегине 41 жолу бычак сайган эргул 15 жылга эркинен ажыратылды. Анткени соттук-психиатриялык экспертиза киши кылмыш жасап жаткан маалда акыл-эси ордунда болгонун аныктаган.

3000 сом үчүн жалт өчкөн өмүр

Мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган жигит ишкерлердин үйүнө ууруга кирип, ал жактан ата-энесинин жоктугунан пайдаланып жашы жете элек өспүрүмдү муунтуп өлтүргөн. Үйдөн болсо 3000 сомго жетпеген акчаны алып кеткен. Сотто айыпталуучу кылганын мойнуна алган эмес. Ал Москвада иштеп жүрүп каргашаны уккандан кийин элчиликке өзү келгендигин айтуу менен милиция кызматкерлери аны кыйнагандыгын билдирген. Кийин сот аны 15 жылга кести.

Ымыркай саткандар

Большой Чуйский канал - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин айланасындагы жүздөгөн гектар жер кантип сатылган. Соттук өкүм
25 жаштагы келин 10 күн мурун төрөгөн ымыркайын эки дарыгер менен биргеликте сатууга аракет кылган.

Окуя ушул жылдын февраль айында болгон. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери алардын бирин 5000 сом алып, ымыркайды берип жаткан жеринен колго түшүргөн. Кийин ал аркылуу кылмышка тиешеси бар эки аял кармалган. Алар баланы 190 миң сомго баалашкан.

Айыпталуучулардын ар биринин үчтөн, төрттөн баласы бар. Фемида өкүлдөрү соттолуучуларды беш жылга темир тор артында калтырды.

Тобокелчиликке салган ата

Ош облусунун 70 жаштагы тургуну сымап сатып жатып погончондорго кармалган. Ал 1970-жылдары райондук ооруканада иштеп жүрүп, ал жактан бөтөлкөгө куюлган уулуу затты үйүнө алып келип койгон. Узак жылдардан кийин ага сатып алуучу таап, бир литр сымапты 100 долларга сатмак болгон. Милиция кызматкерлери аны беш литр сымап менен колго түшүргөн.

Сот отурумунда шектүү кылганын толук мойнуна алып, кылмыштуу жолго акча керек болуп барганын айткан.

"Союз учурунда ооруканада сымап менен иштеп, жумуштан үйгө алып келип койгом. Кызымды турмушка узатуу үчүн акча аябай керек болду. Бир литрин 100 доллардан сатмакмын. Бирок соодалашуу жүрүп жаткан маалда укук коргоо кызматкерлери кармап калды. Кылганым үчүн кечирим сурайм жана жеңил жаза берүүңүздөрдү өтүнөм", — деген айыпкер.

Ал жаран бир жылга шарттуу эркинен ажырады.

"Көйнөк түтпөгөн" эркек

Куралчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сирияга барган кыргызстандык киши өзүнө ок чыгарып, мекенине качкан. Чоо-жайы
Жубайлар түндө үйдө отурушкан, аялы күйөөсүнө дарыгерге барып саламаттыгын жакшыртуу керектигин айткан. Бирок эркек ага кескин каршы болуп экөө урушуп кеткен. Ошондо келин үйдөн кетип кала тургандыгын билдирсе, эркек анын кийип жүргөн көйнөгүн айрып салган. Ал кайра кийинсе, аны кайра айрыган. Ошентип ачууланган күйөө идиш-аякты талкалап, сынган идишти ага ыргытып айласын кетирген. Соңунда экөө тынчып уктап, түн ортосунда үй-бүлө башчысы акылдашкысы келип сезимдерин айта баштаган. Аялы ойгонуп кайра ызы-чуу башталган. Окуядан аял жаракат алгандыктан сот кишини 40 миң сом төлөмөр кылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0