Бишкектеги жол кырсыктан автоунаа оодарылып, үч киши жабыркады

© Фото / Пресс-служба департамента полиции АлматыЖол кырсыгы. Архив
Жол кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы Месарош жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

БИШКЕК, 2-cен. — Sputnik. Бишкектин батыш тарабындагы жол кырсыктан үч киши жабыркаганын Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жол кырсыгы кечээ, 1-сентябрда, саат 16:30да болгон. Volkswagen Touareg унаасы Месарош көчөсү менен түштүктү көздөй бара жаткан. Ал эми Mazda Профсоюз көчөсү менен батыш тарапка жөнөгөн. Автокөлүктөр көчөлөрдүн кесилишинен кагылышкан.

Окуянын күбөсү буга чейин жол кырсыгынын сүрөтүн "Бишкек сегодня" Telegram-тайпасына  жүктөгөн. Кадрлардан Volkswagen Touareg унаасы оодарылып кеткенин көрүүгө болот.

Кырсыктан үч адам жабыркап, ооруканага жаткырылган. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, унаалар айып короого киргизилгени айтылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0