20:31 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4357
  • RUB1.0941
Пожар в национальном парке Ала-Арча

Милиция Ала-Арчада чыккан өрт боюнча иликтөөсүн баштады

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
80 0 0

Тилсиз жоо түндө чектөөгө алынган, бирок толугу менен өчүрүлө элек.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Ала-Арча капчыгайында чыккан өрт боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өрт 31-август күнү саат 14.00дөр чамасында чыккан. Тилсиз жоо Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы тоо этектериндеги кургак чөптөн тутанып, саат 20.15те чектөөгө алынган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен өрттү өчүрүүгө 199 куткаруучу тартылып, азыркыга чейин иш улантылып жаткандыгын билдиришти.

Чүй облустук ИИББинин маалыматына ылайык, буга чейин өрткө каршы жумуштарга милиционерлер жана жергиликтүү тургундар болуп 750дөн ашык адам тартылган.

Өрттөн жабыркагандар жок. Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси ("Токойду жок кылуу же бүлүнтүү") боюнча сотко чейинки тергөө башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Тема боюнча

Ала-Арча коругунда токой өрттөнүп жатабы? Күбөнүн сүрөтү
Белгилер:
Өрт, ӨКМ, токой, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ