Сокулукта айдоочу эки жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен. Сүрөт

CC0 / pixabay / MabelAmberНаезд на детей на дорогах КР
Наезд на детей на дорогах КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу кызды сүзгөн соң из жашырып качып кеткен.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районунда кичи автобустун айдоочусу эки жашар кызды сүзүп, андан соң из жашырган. Бул тууралуу Чүй ЖКККББ маалымат кызматы кабарлады. 

© Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской областиЧүй облусунун Сокулук районунда кичи автобустун айдоочусу эки жашар кызды сүзүп, андан соң из жашырган
Сокулукта айдоочу эки жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Чүй облусунун Сокулук районунда кичи автобустун айдоочусу эки жашар кызды сүзүп, андан соң из жашырган

Билдирмеге ылайык, кырсык кечээ, 30-август күнү, саат 12:30дар чамасында катталган. Анда болжол менен ак түстөгү кичи автобус эки жаштагы кызды сүзүп, андан соң качып кеткени видеокамерага жазылып калган. 

© Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской областиКырсык кечээ, 30-август күнү, саат 12:30дар чамасында катталган
Сокулукта айдоочу эки жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Кырсык кечээ, 30-август күнү, саат 12:30дар чамасында катталган

"Автоунаа коюп кеткен кыз жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Ал эми из жашырган айдоочуну Сокулук райондук милициясы ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында саат 16:00 чамасында колго түшүргөн. Кармалган адамдын унаасы кырсык болгон жерден анча алыс эмес жайда орнотулган видеокамерага түшүп калган", — деп жазылат маалыматта.

Кызды сүзгөн адам Сокулук районунун 26 жаштагы тургуну болуп чыкты. Кармалган соң Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Ал эми автоунаа айып короого токтотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0