Ысык-Көл: эки BMW кагышып, 5 адам мерт болду. Үрөй учурган сүрөттөр

Жазылуу
Тергөөнүн жүрүшүндө BMW X-5 автоунаасын мас аял айдап бара жатканы аныкталган.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк жана Сары-Камыш айылдарынын ортосунда BMW Х-5 жана BMW-530 үлгүсүндөгү эки автоунаа кагышып, беш адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. 

© © фото очевидца Амана, отправленное по Telegram-каналуЫсык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк жана Сары-Камыш айылдарынын ортосунда BMW Х-5 жана BMW-530 үлгүсүндөгү эки автоунаа кагышып, беш адам каза болду
Ысык-Көл: эки BMW кагышып, 5 адам мерт болду. Үрөй учурган сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк жана Сары-Камыш айылдарынын ортосунда BMW Х-5 жана BMW-530 үлгүсүндөгү эки автоунаа кагышып, беш адам каза болду

Окуя кечээ, 30-августта, саат 17.35 чамасында болгон. 

© © фото очевидца Амана, отправленное по Telegram-каналуОкуя кечээ, 30-августта, саат 17.35 чамасында болгон
Ысык-Көл: эки BMW кагышып, 5 адам мерт болду. Үрөй учурган сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Окуя кечээ, 30-августта, саат 17.35 чамасында болгон

"Кырсыктан беш адам мерт болуп, жарадар эки киши Балыкчы шаардык ооруканага жеткирилди. BMW X-5 автоунаасын Кант шаарында жашаган аял айдап бара жаткан. Тергөөнүн алкагында кырсык болгон учурда ал мас экени аныкталды", — деп айтылат тартип коргоо органдарынын берген маалыматында.

© © фото очевидца Амана, отправленное по Telegram-каналуКырсыктан беш адам мерт болуп, жарадар эки киши Балыкчы шаардык ооруканага жеткирилди
Ысык-Көл: эки BMW кагышып, 5 адам мерт болду. Үрөй учурган сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Кырсыктан беш адам мерт болуп, жарадар эки киши Балыкчы шаардык ооруканага жеткирилди

Сүрөттө биринчи автоунаанын экинчинин үстүнө чыгып барып токтогондугун көрүүгө болот.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0