Кой-Таштагы окуяны мамлекеттик комиссия иликтемей болду

© REUTERS / Vladimir PirogovШтурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-8-август күндөрү мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча УКМК атайын операция жүргүзгөн.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 7-8-августунда Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан айтышты.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Вице-премьер Жеңиш Разаков башында турган комиссия бир айдын ичинде абалды иликтеп, Жогорку Кеңешке маалымат берүү үчүн корутунду даярдашы керек.

Комиссиянын курамына ЖК депутаттары, өкмөт мүчөлөрү жана коомдук ишмерлер кирди.

Кой-Таш окуясы

Ситуация у села Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Кой-Таш окуясынан кийин милициянын машинасын ташка алган улан кармалды. Видео
7-августта УКМК Кой-Ташта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүп, ал максатына жетпей калган. Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Бир жоокер каза таап, 140ка чукул адам ар кандай жаракат алган. Эртеси операцияны ИИМ жүргүзүп, ички иштер министринин ошол кездеги орун басары Курсан Асановдун жүргүзгөн сүйлөшүүсүнөн кийин Атамбаев багынып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0