Курсан Асановдун уулунун изине кантип түшүшкөн. Прокуратуранын видеосу

© SputnikСитуация у села Кой-Таш
Ситуация у села Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратура Асановдун уулу тергөөгө далил болчу документтерди Атамбаевдин тарапташтарына жеткирип берди деген видеону жарыялады.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Алиге издөө жарыяланды. Башкы прокуратуранын билдиришинче, ал "мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү документтерди жашыруу үчүн атасына жардам берди" деп шектелүүдө.

Белгилей кетсек, Курсан Асанов 8-август күнү Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн далил буюмдарды алып чыгып, жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу аркылуу баласы Мухаммедге берген деген айып менен 27-августта үй камагына алынган. Башкы прокуратуранын билдиргенине караганда, Мухаммед-Али ал буюмдарды Атамбаевдин тарапташтарына бермек.

Башкы прокуратура Асановдун баласы Атамбаевдин тарапташтарына жеткирип берди деген видеону жарыялады.

Прокуратура "Видеодон көрүнүп тургандай, Дамирбек Пайзылда уулу далилдүү документтерди жана предметтерди Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдындагы унаа токтотуучу жайдан Мухаммед-Алиге берди" деп белгиледи. Жолугушуу саат 21.00дөн 21.15ке чейин уланганы айтылат.

Кадрда Асановдун уулу үйүнөн чыгып өз унаасы менен жүргөнү көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0