Садыр Жапаровдун уулу Дастан каза болду

© Фото / пресс-служба ЖК КРДепутат Садыр Жапаров ответил на вопросы депутатов
Депутат Садыр Жапаров ответил на вопросы депутатов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелис Аспековдун айтымында, Дастан 2-3 күн мурда жол кырсыгына кабылган.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Мурдагы депутат Садыр Жапаровдун уулу Дастан каза болгонун коомдук активист Мелис Аспеков Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, Дастан 2-3 күн мурда жол кырсыгына кабылган.

Похороны матери осужденного Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаровдун уулу эмне жаракаттан каза тапканы айтылды
"Партиялаштары, тааныштары ага кан чогултуп жүргөн болчубуз. Эми ушундай суук кабар уктук", — деди ал.

Бул маалыматты Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабыр Жумабеков тастыктады. Анын айтымында, Дастан мотоцикл менен келе жатып авария болгон.

Аспеков жол кырсыгы Чүй облусунда болгонун кошумчалап, Дастан №4 шаардык ооруканада дарыланып жатканын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0