Милиция Бишкектеги кампадан чыккан өрттүн себебин айтты

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкектеги кампадан чыккан өрт
Бишкектеги кампадан чыккан өрт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт фактысы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Алдын ала маалымат боюнча, Beko техникалары сакталган кампадан чыккан өрт электр зымдарынын тийишип кетишинен тутанган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Эске салсак, 21-август күнү саат 11.21де Москва менен Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тиричилик техникалары сакталган кампадан өрт чыккан. Жалынды өчүрүүгө жалпы жонунан сегиз унаа тартылган. Өрт толугу менен бир суткадан кийин өчүрүлгөн.

Кырсык болгон жерге Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери дагы барган.

"Алдын ала маалымат боюнча, кампанын шыбындагы зымдар тийишип кетип өрт чыккан", — дешти милициядан.

22-август күнү Чокон Валиханов көчөсүндөгү кампадан дагы өрт чыккан. Эки факты тең Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси («Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу») боюнча каттоого алынды.

Учурда Октябрь жана Ленин райондук ИИБ тарабынан өрттүн келип чыгуу себебин так аныктоо үчүн соттук экспертиза дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0