Дайынсыз болуп жаткан киши унаасы менен ГЭС-5 каналынын түбүнөн табылды

© Sputnik / Павел Петров / Медиабанкка өтүүСууга түшүп кеткен унаа. Архив
Сууга түшүп кеткен унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркек киши 7-августта үйүнөн чыккан боюнча кайрылып келген эмес. Сөөгү суунун түбүнө түшүп кеткен унаанын ичинен табылган.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Милиция дайынсыз жоголуп жаткан Самат Кудайбергеновдун сөөгүн тапканын Чүй облустук ИИББдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске сала кетсек, 11-августта Кудайбергеновдун эжеси аны табышып коюуга жардам сурап кайрылган. Ал иниси Чүй облусунун Нооруз айылында жашай турганын билдирген. Акыркы ирет ушул жылдын 7-августунда ГЭС-5 району жактан кара түстөгү Volkswagen Golf автоунаасы менен жүргөнүн көрүшкөн. Издөө ишин Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын жеке түзүмү менен башка бөлүктөрдүн кызматкерлери жүргүзгөн.

"Кудайбергенов Дружба айылына гана барганы, башка жакка чыкпаганы белгилүү болду. 17-августта саат 19:00дө ыкчам издөө иштерининин натыйжасында ГЭС-5 суу каналында мотор майынын калкып чыгып калганы байкалды. Натыйжада унаа табылып, суучулдар аны чыгарышты. Автокөлүктү кароо учурунда айдоочу отурган жерден Кудайбергеновдун сөөгү табылды", — деп айтылат билдирмеде.

Эркек кишинин өлүмүнүн себебин тактоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки иштер жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0