ИИМ: алдамчылыкка шектелген кыргызстандык аскер аял Москвадан кармалды

Жазылуу
Милициядан билдиришкендей, аял эсепчиге чыгымдалган каражаттын жалган дүмүрчөктөрүн алып келип берген.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Москвада алдамчылыкка шектелген кыргызстандык аскер кызматкери кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 50 жаштагы аял аскер бөлүктө келишимдик негизде эмгектенген. Аны Аскер прокуратурасы “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып алдамчылыка барган жана документтерди жасалмалады» деп издөөгө алган.

"Аскер кызматкери алдоо жолу менен эсепчиге Ош — Бишкек — Ош каттамынын электрондук авиабилеттеринин жалган дүмүрчөктөрүн алып келип берген. Ал билеттер өзүнө жана туугандарына катталган. Андан кийин из жашырып кеткен. Кийинчерээк билеттер башка адамдарга тийиштүү экендиги белгилүү болгон", — деп айтылат маалыматта.

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү менен Ош шаардык ИИБ аялдын жүргөн жерин аныктап, россиялык полициянын көмөгү менен Москвада кармашкан. Учурда аны айыпка тартуу үчүн өлкөгө алып келүү маселеси чечилгени айтылат.

Чыгашанын суммасы айтылган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0