ӨКМ: Суусамырда унаалар кагышып, наристе менен үч чоң киши каза тапты

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүЖолдогу авотунаа. Архив
Жолдогу авотунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жерине ӨКМдин алты куткаруучусу келип маркумдардын сөөгүн алып чыгып беришкен.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Суусамырдагы жол кырсыктан үч чоң адам менен наристе каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Бишкек — Ош трассасынын 174-чакырымында 18-август күнү саат 10.00дөр чамасында бензовоз, Mazda жана Honda Torneo кагышып кеткен. Анын кесепетинен эки эркек, бир аял жана төрт жаштагы бала жан берген. Ал эми сегиз жаштагы кыз ооруканага жеткирилген.

Жерине ӨКМдин алты куткаруучусу келип маркумдардын сөөгүн алып чыгып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0