09:49 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Последствия схода сели в Иссык-Кульском и Тонском районе Иссык-Кульской области

Үйлөрдү каптап... Көлдөгү төрт күндүк жаандан кийин жүргөн селдин сүрөт, видеосу

© Sputnik
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
251210

Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жок, бирок материалдык чыгымга кабылгандар катталды.

ЫСЫК-КӨЛ, 17-авг. — Sputnik. Төрт күн тынбай жааган жамгырдан Ысык-Көл облусунун Тоң жана Ысык-Көл райондорунда сел жүрдү. Жаратылыш кырсыгынын сүрөттөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчылары жөнөттү.

Ысык-Көл районунун акими Данияр Иманалиевдин айтымында, сел Чырпыкты айылындагы тогуз тамдын пайдубалын жабыркаткан.

"Ошондой эле Кош-Көл айылындагы эки көпүрөгө суу батпай пляждык зонадагы жыгач үйлөрдү агызды. Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери сууну сордуруп, жергиликтүү бийликтин техникасы менен дамба курулду. Селдин кесепетинен жабыркагандар жок, бирок материалдык чыгымга кабылгандар катталды. Азырынча аба ырайына байланыштуу аныктоо мүмкүн болбой жатат", — деди Иманалиев.

Ал эми Тоң районунда төрт күн тынбай жааган жамгыр Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 58-чакырымындагы Кызыл-Туу айылынын көпүрөсүнүн четин алып кеткен. Бул тууралуу аталган райондун акиминин орун басары Тимур Алымбеков билдирди.

  • Последствия схода сели в Иссык-Кульском и Тонском районе Иссык-Кульской области
    Төрт күн тынбай жааган жамгырдан Ысык-Көл облусунун Тоң жана Ысык-Көл райондорунда сел жүрдү
    © Sputnik
  • Последствия схода сели в Иссык-Кульском и Тонском районе Иссык-Кульской области
    Ысык-Көл районунун акими Данияр Иманалиевдин айтымында, сел Чырпыкты айылындагы тогуз тамдын пайдубалын жабыркаткан
    © Sputnik
  • Последствия схода сели в Иссык-Кульском и Тонском районе Иссык-Кульской области
    Ал эми Тоң районунда төрт күн тынбай жааган жамгыр Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 58-чакырымындагы Кызыл-Туу айылынын көпүрөсүнүн четин алып кеткен
    © Sputnik
  • Последствия схода сели в Иссык-Кульском и Тонском районе Иссык-Кульской области
    Сел Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 61-70 чакырымындагы жолдордун четтерин да талкалай баштаган
    © Sputnik
  • Последствия схода сели в Иссык-Кульском и Тонском районе Иссык-Кульской области
    Жамгыр дагы эле жаап жаткандыктан, учурда бул жаатта тийиштүү кызматтар иш алып барууда.
    © Sputnik
1 / 5
© Sputnik
Төрт күн тынбай жааган жамгырдан Ысык-Көл облусунун Тоң жана Ысык-Көл райондорунда сел жүрдү

"Сел Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 61-70 чакырымындагы жолдордун четтерин да талкалай баштаган. Ошондой эле Туз-Көлгө бара турчу 18 чакырым жолду да суу алып кеткен. Учурда бул жерлерди Балыкчы шаарынын №10 жана 33 жол тейлөө мекемеси оңдоп жатат", — деди Алымбеков.

Жамгыр дагы эле жаап жаткандыктан, учурда бул жаатта тийиштүү кызматтар иш алып барууда.

Тема боюнча

Кытайда катуу жаандан үйлөр урап, 77 миң киши эвакуацияланды
Белгилер:
кырсык, сел, Ысык-Көл облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ