Шаардык сот Атамбаевдин баш коргоо чарасы эмнеге УКМКда каралганын айтты

© AP Photo / Jessica HillСессия в Капитолии
Сессия в Капитолии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жактоочулары Атамбаевдин абактан бошотулушун сурап, Бишкек шаардык сотуна даттанган.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын кароо жараяны коопсуздукту сактоо максатында УКМКнын имаратында өттү. Бул туурасында Бишкек шаардык соту билдирди.

Белгилей кетсек, алгач шаардык сотто өтө турган жараян кийин УКМКда өтөрү айтылган.

"Адвокат Сергей Слесаревдин даттануусу канааттандырылган жок. Биринчи Май райондук сотунун баш коргоо чарасы боюнча чыгарган токтому өзгөртүүсүз калтырылды", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 8-август күнү эки күнгө созулган атайын операциядан кийин багынып берген. Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, аны 26-августка чейин камакта калтырган. Бул чечимге мурдагы президенттин жактоочулары нааразы болуп, Атамбаевдин абактан бошотулушун сурап Бишкек шаардык сотуна даттанган.

Жаңылыктар түрмөгү
0