Сот Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок

Жазылуу
Мурдагы президентке жалпысынан 14 айып тагылууда.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калды. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Судебное заседание по мере пресечения в отношении бывшего президента Алмазбека Атамбаева в ГКНБ - Sputnik Кыргызстан
Раиса Атамбаева: бүгүн мага да кылмыш иши козголгону жатат
Атамбаевдин баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунун көчмө жыйыны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратында каралды.

Процесс жабык өттү.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 8-август күнү эки күнгө созулган атайын операциядан кийин багынып берген. Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, аны 26-августка чейин камакта калтырган. Атамбаевге 14 айып тагылууда. Мурунку президенттин жактоочулары Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча доо арыз беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0