УКМК: Токмок прокурорунун жардамчысы кытай жаранынан 15 миң доллар опузалаган

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арызды ири ишканада иштеген Кытай жаранынын жубайы жазган.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Токмок шаарынын прокурорунун улук жардамчысын пара алып жаткан жеринен кармады. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ал ири ишканада иштеген кытайлык кишиден пара опузалап жатканы боюнча УКМКнын тергөө кызматына 13-августта арыз түшкөн. Бул боюнча Жазык кодексининин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иш ачылган.

"Прокурордун К.Т. аттуу улук жардамчысы Токмоктогу ири өнөр-жай ишканасынын кызматкери М.Т. менен жең ичинен сүйлөшүп, 15 миң доллар талап кылган. Болбосо А.К. аттуу аялдын (арыз жазган адам) Кытай жарандыгы бар күйөөсүн кылмыш жоопкерчилигине тартарын айтып коркуткан. Алар Кыргызстандын аймагына кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз алып киргенин бетине кармаган. Эгер пара бербесе материалдарды тергөө органдарына берип, чет элдик жаранды депортациялай турганын айткан", — деп айтылат маалыматта.

Таласта майыптардан пара алып жүргөн дарыгерлер кармалды - Sputnik Кыргызстан
Таласта майыптардан пара алып жүргөн дарыгерлер кармалды. Видео
Кечээ, 14-августта, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Башкы прокуратуранын ички иликтөө бөлүмү менен биргеликте К.Т. макулдашылган паранын 3000 долларын алып жаткан жеринен колго түшүргөн. Ага кошо ортомчулук кылган ишкананын кызматкери М.Т. да кармалган.

Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0