Чоң Чүй каналынан кыздын сөөгү табылды. Милиция туугандарын издеп жатат

Жазылуу
Милиция кыздын ким экенин аныктоо үчүн элден жардам сурады.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. 7-августта саат 18.00дөр чамасында Чоң Чүй каналынын Орозбеков көчөсү менен кесилишкен жеринен азиат түспөлүндөгү кыздын сөөгү табылды. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясы кабарлады.

Бычак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: мал базарда 27 жаштагы жигитти бычактоого шектелген киши кармалды
Маалыматка ылайык, азырынча кыздын ким экени аныкталып, туугандары табыла элек. Кыз болжол менен 20-25 жашта.

Өзгөчө белгилери: бою 155-160 сантиметр, арык чырай, чачы сары, бети тоголок. Бозомтук түстөгү футболка, кара джинсы, ак спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Милиция кыз тууралуу билгендер болсо төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: (0552) 10-27-43, (0553) 10-23-87, (0703) 22-26-22, (0702) 49-88-88, (0772) 84-73-36, 102.

Жаңылыктар түрмөгү
0