Спецназ жоокери ага тиешелүү куралдан өлгөн эмес. ИИМдин билдирүүсү

© Sputnik / Эркин СадыковКой-Таш айылындагы ИИМ кызматкерлери
Кой-Таш айылындагы ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ Кой-Таштагы окуянын активдүү катышуучуларынын бири кармалганын кабарлады.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн жетекчисинин орун басары Үсөнбек Ниязбековго ок ага тиешелүү автоматтан чыккан эмес. Мындай билдирүүнү ИИМдин маалымат кызматы таратты.

Буга чейин айрым ЖМКлар окуяны тескери өңүттө жазган болчу.

ИИМдин билдиргенине караганда, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алынган курал-жарактар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ага улай эле Кой-Таштагы окуянын активдүү катышуучуларынын бири, 29 жаштагы киши кармалганы айтылат.

Маалымат кызматы жөнөткөн билдирүүдөн кармалган жаран Ниязбековдун өлүмүнө шектүү экенин болжолдоого болот. Бирок Sputnik Кыргызстан так айтуудан карманат, анткени маалымат түшүнүксүз жазылган.

"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында алынган көрсөтмөлөргө таянып, кармалган кишинин спецназ аскеринин өлүмүнө тиешеси бар-жогу такталып жатканын белгилейбиз. Экспертизанын жыйынтыгына жараша кошумча маалымат беребиз", — деп айтылат билдирүүдө.

Кылмышка тиешеси бар адамдын үстүнөн ким көрсөтмө бергени айтылган эмес. Маалымат кызматы азырынча комментарий бере элек. Бүгүн, 14-августта, каза болгон аскердин адвокаты кылмышка шектелген жаран кармалганын билдирген. ИИМдин берген маалыматында ушул адамды айтып жатышы мүмкүн.

Торжественные мероприятии ко Дню работника органов национальной безопасности КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Спецназдын каза болгон жоокеринин бүлөсүнө кандай жардам берилери айтылды
Үсөнбек Ниязбеков кызмат өтөп жүргөн маалда "Эрдик" медалы менен сыйланып, бир нече мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарды алган. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы жоокери Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө басып кирүү учурунда Ниязбеков көкүрөк тушка ок жеп каза болгон. Тийген ок анын бронежилетин тешип өтүп, өпкөсүн жана жүрөгүн аралап кеткен.

8-августта мурдагы президент багынып берип, суракка алып келинген. Ушул эле күнү кечинде Атамбаевдин тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына чогулуп, аларды укук коргоо органдары күч менен кубалап тараткан. Эки күндөгү чыр-чатактан жалпысынан 136 киши ар кандай жаракат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0