07:26 23 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7961
  • EUR77.4597
  • RUB1.0636
Тез жардам. Архивдик сүрөт

Бишкек — Алматы жолундагы кандуу кырсыктан КР жарандары жабыркадыбы? Расмий жооп

© Sputnik / Павел Лисицын
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
127 0 0

Жүк ташуучу машина менен жеңил автоунаанын кагылышуусунан беши киши көз жумган. Анын ичинде үч бала бар.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Алматы — Бишкек трассасынын 84-чакырымында болгон жол кырсыгынан каза тапкандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Алматы облусунун Полиция департаментинен кабарлашты.

Каргаша 13-августта болжол менен саат сегиздерде болгон. Mazda-626 үлгүсүндөгү унаа Shacman менен кагыша кеткен. Анын кесепетинен айдоочу төрт жүргүнчүсү менен мүрт кеткен. Көз жумгандардын арасында үч бала бар экени, кичүүсү төрт жашта болгону айтылат.

Дагы төрт киши оор абалда ооруканага жеткирилген.

Полициядан мертингендердин баары казакстандыктар экенин белгилешти.

Тема боюнча

Казакстандагы жол кырсыгынан көз жумган КР жарандарынын саны бешке жетти. Сүрөт
Кызыл жаян болгон мотоциклчи. Бишкектеги жол кырсыктын видеосу
Караколдогу жол кырсыкта бир аял каза таап, небереси жабыркады. Сүрөт
Белгилер:
полиция, кырсык, трасса, Бишкек, Алматы, Кыргызстан, Казакстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ