Кыргызстанда жер силкинди. Карта

© AFP / CHRISTIAN MIRANDAСейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив
Сейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча 23.15те катталган.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Кыргызстандын түштүгүндө магнитудасы 5,4 баллга жеткен жер силкинүү катталды. Бул тууралуу EMSC порталы жазды.

Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча 23.15те катталган. Тереңдиги – 1 чакырым. Очогу Сузак районунда, Жалал-Абаддан 29 чакырым чыгышыты карай, Бишкектен 234 чакырым түштүк батышты карай жайгашкан.

Жер титирөө Ош шаарында да сезилгенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди. Ошондой эле Бишкек шаарынын тургундары дагы жер силкингенин социалдык тармактарга жазышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0