Сирияга барган кыргызстандык киши өзүнө ок чыгарып, мекенине качкан. Чоо-жайы

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКуралчан адам. Архив
Куралчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киши туура эмес иш жасаганын 5-6 айдан кийин түшүнгөнүн билдирген.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Сириядагы согуштук аракеттерге катышып, кийин Кыргызстанга качып келген жаран үч жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында жазылат.

Кызды муунтуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Студент кызды түндө зордуктап, андан соң өлтүрүп таштап кетишкен... Соттук чечим
Соттолуучу 2013-жылы кошунасы менен жакшы мамиледе болуп беш маал намаз окуй баштаган. Коңшусу ага үгүт иштерин жүргүзүп, жабык диний экстремисттик сабактарга алып барган.

Кийинчерээк Россияда Абу Аюб аттуу чет элдик жаран менен таанышкан. Ал Сириядан жакшы акча табууга болорун айтып ишендирген. Мындан улам жаран Россия аркылуу Стамбулга учуп барган. Ал жактан ортомчулар аркылуу автобустар менен Сирияга жетип, согуш жүрүп жаткан аймакта болгон.

Сотто айыпталуучу туура эмес иш жасаганын 5-6 айдан кийин түшүнгөнүн билдирген.

"Сирияда 5-6 ай жүрүп туура эмес иш кылганымды түшүндүм. Бир күнү өзүмдүн колумду мылтык менен атып Сириядан Түркияга качып кеттим. Түркия аркылуу кайра Россияга келип Хакасиядагы эжемдикинде төрт жылдай жашадым. 2019-жылы апрель айында Ошко учуп келгенимде мени УКМК кызматкерлери кармады. Сириядан өзүм качып келгендиктен мени актаңыздар", — деп көрсөтмө берген соттолуучу.

Фемида өкүлдөрү 28 жаштагы үч баланын атасын үч жылга эркинен ажыратты.

Жаңылыктар түрмөгү
0