Ысык-Көлдө казакстандык туристтерди ташыган автобус кырсыктады. Сүрөт

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуЫсык-Көлдө эс алуучуларды ташыган автобус жол кырсыгына кабылды
Ысык-Көлдө эс алуучуларды ташыган автобус жол кырсыгына кабылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө эс алуучуларды ташыган автобус жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте болгон жол кырсыктан машина арыкка кирип кетти. Видео
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-августта, казакстандык туристтерди ташыган унаа кечке жуук Бостери айылынан жолго чыккан. Автобус Тамчы айылынан саат 21.10дор чамасында Lexus үлгүсүндөгү унаа менен кагышып кетүүдөн качып, жол жээгине чыгып кеткен. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Окуя болгон жерге Ысык-Көл райондук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери барган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0