Бишкекте болгон жол кырсыктан машина арыкка кирип кетти. Видео

Жазылуу
Жол кырсыгы кечки саат алтылар чамасында болгон.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Бишкектеги Ахунбаев менен Репин көчөлөрүнүн кесилишинде эки автоунаа кагышып, бири жол жээгинде арыкка кирип кеткен.

Кырсыкты видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Анда жол кырсыгы 11-августта саат 18:00дөр чамасында болгону жазылган.

Милиция жол кырсыгы болгонун ырастады. Тез жардам кызматы жол кырсыгы тууралуу билдирүү болгонун, жабыркаган киши бар экенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0