Салык кызматы ишкерлер жашырып койгон 251 миң сомду тапты

Жазылуу
Салыкчылар Бишкекте үч күндүк рейд жүргүзгөн.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарында үч күндүк рейд жүргүзүп, салыктан качкан 19 субъектини тапты. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Салыктык контролдун натыйжасында бильярд клубунда, мончо, сауна, сулуулук салону, унаа жуучу жайларда, алмаштыруу бюролордо жана стоматологияда кызмат көрсөткөн бир катар субъектилердин салык мыйзамын бузгандыгы аныкталды.

"68 субъекти текшерүүгө алынып, анын 19унда 250,8 миң сомго ар кандай салык мыйзамы бузулганы аныкталган. Анын ичинде милдеттүү патенттин жоктугу жана төмөндөтүлгөнү белгилүү болду. Ошондой эле ишкерлик чөйрөсүндө эмгектенген 49 жалданма кызматкердин патенти жок болуп чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Ушул сыяктуу рейддик иш-чаралар жалпы республика боюнча туруктуу негизде жүргүзүлүп жатканы белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0