Бишкекте башаламандык уюштурду деп беш киши камакка алынды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүСторонники А. Атамбаева перекрыли площадь Ала-Тоо в Бишкеке
Сторонники А. Атамбаева перекрыли площадь Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-августка караган түнү милиция кызматкерлери борбор калаанын чок ортосунда ызы-чуу салгандарды кубалаган.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Биринчи Май райондук соту борбордо башаламандык уюштурду деген беш адамдын баш коргоо чарасын тандады.

Бүгүн, 10-августта, сот аларды 9-октябарга чейин тергөө абагына киргизди. Камакка алынгандар Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча айыпталууда.

Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Кой-Таш окуясы: милиционер аялдарды тээп, жаткыра чапкан видео тарады
Белгилей кетсек, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы 7-августта башталып, максатына жеткен эмес. УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүмүнүн аскерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алган.

Атамбаев 8-август күнү кечинде сүйлөшүүлөрдөн кийин милиция кызматкерлерине багынып берген. Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын тандап, 26-августка чейин камакта калтырды.

9-августка караган түнү борбор калаанын чок ортосуна чогулган 1500дөй адам башаламандык кылгысы келген. Алар бир нече ирет Жогорку Кеңешке, соода борборлоруна жана дүкөндөргө кирүүгө аракет кылышкан. Мындан тышкары, жолдорду тосуп, элдин тынчын алып, жай тургундар менен журналисттерге тоскоолдук жараткан. Натыйжада милиция 40 кишини кармаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0