Кой-Ташта жабыркаган аскерлерге акча чогултулуп жатабы? УКМКнын жообу

© Sputnik / Светлана ФедотоваШтурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын операция учурунда 25 аскер ар кандай жаракат алган.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. УКМК Кой-Таштагы окуяда жаракат алган атайын даярдыктагы аскерлерге кымбат баалуу дары-дармектер керек деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

Атайын кызмат азыркы тапта Кой-Таштагы окуяда жаракат алган бардык кызматкерлерге ар тараптуу медициналык жардам көрсөтүлүп, керектүү дары-дармек менен толук камсыздалганын белгиледи.

Ошол эле учурда УКМК жарандардан жаракат алган жоокерлер үчүн акча чогултууга багытталган шектүү акцияларга катышуудан баш тартууга чакырат.

Начальник ГУВД Чуйской области Самат Курманкулов - Sputnik Кыргызстан
Башына таш тийген Чүй ОИИББ башчысы Курманкулов эсине келе элек
Так маалымат алуу үчүн 0312 66 04 75 номери боюнча УКМКнын нөөмөт кызматы менен байланышууга болот.

7-августта кечинде УКМКнын "Альфа" кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн, бирок андан майнап чыккан эмес. Эртеси, 8-августта, кармоо операциясын Ички иштер министрлиги улантып, мурдагы президентти жана анын жакын адамдарын кармаган. Акыркы маалыматтар боюнча, Атамбаевдин тарапташтары менен кагылышуудан эки күндө 98 киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери Үсөнбек Ниязбеков каза болгон.

УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында 7-августтагы операцияда 25 аскер ар кандай жаракат алып, бешөө реанимацияда жатканын билдирди. Алардын ичинен бирөөнүн абалы өтө оор, кыйгап өткөн ок анын көзүн чыгара койгонун белгилеген. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги 8-августта күч түзүмдөрүнүн дагы төрт аскери ооруканага түшкөнүн кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0