Күч түзүмдөрү "Апрель" телеканалында тинтүү жүргүзүүдө

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүТелецентр "Останкино" в Москве
Телецентр Останкино в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызматкерлердин баарын сыртка чыгарып, имараттын ичине кирүүгө тыюу салынган.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Күч түзүмдөрү "Медиа-Форумга" барып, анын ичинде иштеп жаткан "Апрель" телеканалынын кызматкерлерин сыртка чыгарды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысына телеканалдын башкы редактору Лена Нечаева билдирди.

Анын айтымында, кызматкерлердин баарын 40 мүнөттүн ичинде сыртка чыгып кетишин талап кылып, андан соң имараттын эшиктерине кирүүгө тыюу салынган мөөр басылган.

"Апрелдин" сайтына телеканалдын директору Дмитрий Ложниковдун комментарийи жарыяланды.

"Имарат да, телеканал да Алмазбек Атамбаевге таандык. Сыртта куралданган спецназ аскерлери турат. Алар имараттын ичине эч кимди киргизбей жатат", — деп айткан Ложников.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кундуз Жолдубаева бошотулду. Ал кайсы иш боюнча сурак берген?
Ички иштер министрлиги бул боюнча комментарий бере элек.

Эскерте кетсек, 7-8-август күндөрү күч түзүмдөрү Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн алып кетүү үчүн атайын операция жүргүзгөн. Мурунку президенттин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Мунун кесепетинен спецназдын бир жоокери каза таап, 100гө чукул киши ар кандай жаракат алган.

Натыйжада Атамбаев жана анын жакын адамдары кармалды. Мындан сырткары, спецназ аскерлерин барымтага алган жана Бишкек шаарында массалык башаламандык уюштурууга шектелгендер кармалып, айрымдары күбө катары суракка чакырылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0