Прокуратура министрдин "орун басары" болгон Беккулиева кайсы мыйзамды бузганын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековВременно исполняющая обязанности руководителя отдела продовольственной безопасности Минсельхоза Анаркуль Беккулиева
Временно исполняющая обязанности руководителя отдела продовольственной безопасности Минсельхоза Анаркуль Беккулиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, буга чейин аталган министрлик экспорт бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Беккулиеваны министрдин орун басары рангы менен Кытайдагы эл аралык жарманкеге жөнөтүүгө белсенип жатканы боюнча маалымат тараган.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде кызматын чоңойтуп Кытайга жөнөмөкчү болгон бөлүм башчы Анаркүл Беккулиеванын ишинде Башкы прокуратура эки мыйзам бузууну тапкан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, прокуратура органдары текшерүү маалында министрликтин аппаратынын структурасына ылайык, Беккулиеванын ээлеген кызматы министрдин орун басарынын деңгээлинде эместигин да тактаган. Андан сырткары, Кыргызстандын "Мамлекеттик органдардын тышкы саясат тармагындагы өз ара байланышы жөнүндөгү" мыйзамдын талаптары бузулган. Башкача айтканда, сүйлөшүү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аркылуу эмес, иш-чара өткөрө турчу жак менен түзмө-түз жүргүзүлгөн.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Беккулиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бөлүм башчы кызматын чоңойтуп Кытайга жөнөгөн. Айыл чарба министрлигиндеги чуу
Башкы прокуратура премьер-министрдин атына мыйзам бузууларды оңдоо жана күнөөлүү тараптарды дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу боюнча кат жөнөткөн.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган министрлик экспорт бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Беккулиеваны министрдин орун басары рангы менен Кытайдагы эл аралык жарманкеге жөнөтүүгө белсенип жатканы боюнча маалымат тараган.

Мындай документке министрдин орун басары Амангелди Исаев кол койгон. Мындан улам кытай тарап "Чын эле бөлүм башчынын министрдин орун басары рангы барбы?" деп Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине сурам жөнөткөнү белгиленет. ТИМ учурда маселени тактоодо.

Бул иш боюнча министр Эркинбек Чодуев да, документке кол койгон Амангелди Исаев да жооп бере элек.

Анаркүл Беккулиева мурда азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүн жетектеген. Жакында эле жаңы түзүлгөн экспорт бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0