Кой-Таштагы атышуудан эки күндө 98 киши жабыркады. Айрымдарынын абалы оор

© Sputnik / Мирбек СакеновСторонники бывшего президента Алмазбека Атамбаева направляются из села Кой-Таш в Бишкек
Сторонники бывшего президента Алмазбека Атамбаева направляются из села Кой-Таш в Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы 7-августта башталган.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кой-Таштагы жаңжалдан жабыркап, эки күн аралыгында ооруканага кайрылгандардын саны 98ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин саат 21.30га карата берген маалыматында айтылат.

Эскерте кетсек, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция 7-августта башталып, ал максатына жетпей калган. Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, натыйжада ок атылган. Операция эртеси да уланып, кечинде мурунку президент багынып берген.

На площади Ала-Тоо спецназ начал разгон митингующих. Видеотрансляция - Sputnik Кыргызстан
"Ала-Тоо" аянтында чогулгандарды спецназ күч менен сүрүп чыгарууда. Видео
Министрликтин билдиргени боюнча, эки күндө медициналык жардам үчүн жалпы жонунан 98 киши кайрылган. Анын бири, спецназдын 47 жаштагы жоокери каза болгон. Күч структураларынын 11 кишиси аскер госпиталына которулду. 13ү стационардык дарыланууда, 83 адам амбулатордук дарыланууга жиберилди.

Ушул тапта Чүй облустук ооруканасында — 2, Улуттук госпиталда — 2, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда 9 киши жатат. Бейтаптар негизинен баш мээси чайкалып, буту-колу сынып жабыркагандар.

Жаңылыктар түрмөгү
0