Атамбаевди кармоо учурунда 4 милиционер ок жеп, ооруканага жеткирилди

© Sputnik / Светлана ФедотоваШтурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркагандардын саны 85 кишиге жетти.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кой-Таштагы кырдаалдан беш киши жабыркап Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна  жаткырылды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Милицейский кордон у въезда в село Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Кой-Ташка жөнөгөн элди айылдын кире беришинен милициянын тобу тосуп алды
Ага ылайык, жабыркагандардын төртөө — укук коргоо органдарынын кызматкерлери, аларга ок тийген. Ал эми жай тургун катуу үн чыгаруучу гранатадан жабыркаган. Абалдары туруктуу. Министрлик беш киши Кой-Таштан же Көк-Жардан жабыркаганы белгисиз экендигин айтышты.

Жалпысынан 85 киши жапа чеккени кошумчаланды.

Ал арада укук коргоо органдарындагы өздүк булактар аркылуу эки күнгө созулган атайын операциядан кийин, 8-август күнү, саат 19.00дөр чамасында Алмазбек Атамбаевдин кармалганы белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0