УКМК башчысы: эми кадамдар башкача болот, мен ишимди бүтүрүп анан кетем

Жазылуу
Опумбаев ишти аягына чыга турганын баса белгиледи.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутат Алмазбек Баатырбеков УКМК төрагасы Орозбек Опумбаевдин мындан кийинки кадамдарына кызыкты.

Ал эл өкүлүнө жооп берип жатып, мындан аркы аракеттери мыйзамдуу түрдө болорун белгиледи.

"Мындан кийинки кадамдар башкача болот. Мен өз ишимди бүтмөйүнчө... Ошону бүтүп, жасап, анан кетем. Аны бүтмөйүнчө кетпейм!" — деди Опумбаев.

Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
УКМК жетекчиси Кой-Ташка эмне себептен "Альфанын" жиберилгенин түшүндүрдү
Буга чейин УКМК төрагасы Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калганы жана аскерлердин каза болуп, жаракат алганы үчүн күнөөлүү экенин моюндап, кызматын тапшыруу ниетинде президентке арыз бергенин айткан.

Ал эми мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште билдирүү жасап жатып, Опумбаевдин отставкасын кабыл албаганын белгиледи. Буга анын мойнунда кырдаалды жайгаруу тапшырмасы турганы себеп экенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0