УКМК жетекчиси Кой-Ташка эмне себептен "Альфанын" жиберилгенин түшүндүрдү

© AP Photo / Vladimir VoroninШтурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Мирлан Жээнчороев эмне себептен ИИМ алектенип жаткан ишке "Альфа" кызматкерлери жиберилгенин сурады.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаев эмне себептен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө "Альфа" атайын даярдыктагы бөлүгү жиберилгенин парламенттин кезексиз жыйынында түшүндүрдү.

Белгилей кетсек, ушул тапта Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы өтүп жатат. Анда депутат Мирлан Жээнчороев эмне себептен ИИМ алектенип жаткан ишке террорчулар жана өзгөчө кооптуу кылмышкерлер менен күрөшкөн "Альфанын" барганына кызыкты.

"Бул - биринчиден тергөөчүнүн чечими, экинчиден, "Альфа" мындай кырдаалга жакшы окутулган жана ишти профессионалдуу деңгээлде аткармак", — деген Опумбаев.

Депутат  ИИМдин буга кудурети жетпейби деп сураган. Өз кезегинде Опумбаев андай дебегенин билдирген. Жээнчороев кийинки суроосунда УКМК жетекчиси кызматын тапшырышы боюнча арыз жазып-жазбаганын сураган.

"Эртең менен Коопсуздук кеңешинин жыйынында президентке отставкага кетеримди айткам. Бардык 3,5 миң кызматкерди тартсак болмок, бирок анткен жокпуз", — деп жооп берди Опумбаев.

"Сиз бардык айылды алып түшөйүн дедиңиз беле?" — деп суроо узаткан эл өкүлү.

Выступление президента КР Сооронбая Жээнбекова на заседании Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Президент Жээнбеков Жогорку Кеңеште кайрылуу жасады. Толук тексти
Башкы чекист андай деп айтпаганын билдирип, депутаттардан нормалдуу суроолорду беришин өтүнгөн.

7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 50дөн ашык киши жаракат алып, бир жоокер каза болгон.

Учурда Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0