УКМК төрагасы: жоокерлерге ок чыгарууга уруксат бербегениме өкүнөм

© Фото / пресс-служба ЖКПредседатель ГКНБ Орозбек Опумбаев
Председатель ГКНБ Орозбек Опумбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев депутаттардын алдында сүйлөдү.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет кылып жаткан маалда кол алдындагыларга эч эскертүүсүз ок чыгарууга уруксат бербегенине өкүнөрүн айтты.

Опумбаев бул пикирин Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны учурунда билдирди.

"Атамбаев дээрлик куралсыз балдарга ок чыгарат деп эч ким күткөн эмес. Чынын айтсам, кол алдымдагыларга эч эскертүүсүз эле ок чыгарууга уруксат бербегениме өкүнөм", — деди УКМК жетекчиси.

Эске салсак, Атамбаевди кармоо аракети жасалган операция 8-августка караган түнү болду. Анда жалпы 52 адам жабыркап, бир спецназ жоокери каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0