БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев 7-августта Кой-Ташта мурдагы президентти кармоо операциясы учурунда Атамбаевдин тарапташтары күч колдонуп айрым курал-жаракты тартып алганын Жогорку Кеңештин чукул жыйынында билдирди.
"Атамбаевдин тарапташтары күч колдонуп желим ок аткан 26 куралды, АК74 үлгүсүндөгү 14 автоматты жана 15 тапанчаны ок-дарылары менен тартып алган", — деди ал.
Кезексиз жыйындын жүрүшүн түз эфирден көрүңүз.
Эскерте кетсек, 7-августта УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын ишке ашырууга аракет кылып, атайын даярдыктагы бөлүмдүн жоокерлери Кой-Таштагы үйүн басып кирген. Натыйжада эл менен кагылышуу болуп, операция ишке ашпай калган. Атышуудан 50дөн ашык киши жабыркап, спецназдын бир жоокери каза тапкан.
Бул кырдаалга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Атамбаевдин аракеттерине өз баасын берди.
Учурда Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүп жатат.