Байланыш үзүлгөн маалда Кой-Ташта эмне окуя болду. Хронология

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVСторонники бывшего президента Кыргызстана Алмазбека Атамбаева окружают сотрудника сил государственной безопасности, который был ранен во время операции по задержанию Атамбаева
Сторонники бывшего президента Кыргызстана Алмазбека Атамбаева окружают сотрудника сил государственной безопасности, который был ранен во время операции по задержанию Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалымат боюнча 43 киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болду. Ок анын төшүнө тийип, жүрөгүн аралап чыгып кеткен.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. 7-августта УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып кирген. Спецназ үйгө кирип келгенден кийин уюлдук байланыш үзгүлтүккө учурай баштаган. Бир аздан кийин байланыш таптакыр эле жоголгон. Биздин кабарчыбыз байланыш жоголгон учурда Атамбаевдин үйү тарапта эмне болгонун айтып берди. Окуялардын хронологиясы болжолдуу гана экенин эскертебиз.

Саат 21:30. Атамбаевдин тарапташтары үйгө жакындап келип, дубалды кулатып, үйдүн короосуна кирүүгө аракет кылышты.

Сторонники бывшего президента Кыргызстана Алмазбека Атамбаева охраняют его дом во время штурма его дома в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин тарапташтары жоокерлерди туткундап алган видео
Саат 21:40. Тарапташтар үйдүн арт жагына келишти. Алар терезени талкалап кирип, куралчан эки киши экинчи кабатка көтөрүлгөн.

Саат 22:00. Топтошкон кишилер үйгө кирип келип ал жактагы спецназдын аскерлеринин курал-жарактарын алып сыртка чыгарышты. Айрымдары жаракат алышты. Эл аларга кол көтөрбөшү үчүн алардын камуфляжын чечишкен.

Саат 22:40. 150-200 киши үйгө чогулду. Арасында Асел Кодуранова менен Фарид Ниязов да болду.

Акыркы маалымат боюнча, 43 киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болду. Ок анын төш тарабына тийип, артынан чыгып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0