ИИМ Кой-Таштагы тартипти сактоо үчүн кошумча күч тартты

© Sputnik / Эркин АлымбековШтурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милицияга Кой-Таштагы атышуу тууралуу маалымат саат 19:50дө түшкөн.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Ички иштер министрлиги коомдук тартипти сактоо үчүн кошумча күчтөрдү тартты. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Аламүдүн райондук милициясына саат 19:50дө Кой-Ташта атышуу болуп жатат деген билдирүү түшкөн.

Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө өрт чыкты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө өрт чыкты. Видео
Жерине ыкчам түрдө Чүй облусунун ИИББнин жана Аламүдүн районунун ИИБнин жеке түзүмүнүн бардыгы жөнөтүлгөн.

Учурда кошумча күчтөр тартылганы кошумчаланды.

Бүгүн, 7-августта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө атайын кызматтын аскерлери бастырып киришкен. Операция учурунда ок атылып, бир нече киши жаракат алган. Алардын айрымдары ооруканага жеткирилген. УКМК элге карата желим ок чыгарылганын билдирди.

Ал ортодо депутат Ирина Карамушкина Алмазбек Атамбаевдин учурда кайда экенин айтты

Жаңылыктар түрмөгү
0