Балдарыңызды алып чыгып кетиңиз! Карамушкина Жээнбековго кайрылды

Жазылуу
Депутат бүгүнкү болгон окуя боюнча эртеби-кечпи жооп бере турган күн келерин айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Кой-Таштагы баш аламандыкты токтотууга чакырды.

Ал өз сөзүндө бүгүн кечинде болгон атайын операция учурунда аскерлер менен жай тургундар дагы жаракат алышканын айтты.

"Алар (атайын даярдыктагы аскерлер — ред.) сиздин кылмыштуу буйругуңузду аткарып жатышат. Биз сиз менен мыйзам алкагында сүйлөшүүгө аракет кылдык. Биздин талаптар бир гана мыйзам алкагында иш алып баруу болчу. Куралдуу кагылышууну биз даярдаган жокпуз. Биз болгону коргонуп гана жаттык. Бүгүн ал коргонууну да талкалашты. Бир нече кишини алып кетишти, жаракат алгандар дагы бар. Андыктан, Сооронбай Шарипович, бул жактан балдарды алып чыгып кетиңиз", — деди Карамушкина.

Депутат, андан сырткары, бүгүнкү болгон окуя боюнча эртедир-кечтир жооп бере турчу күн келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0