23:30 16 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Электрик. Архивдик сүрөт

Таласта мамыга чыккан электрикти ток уруп, инженер айыпталууда. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Игорь Зарембо
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
945 0 0

Кырсык 1-августта Манас районунун Покровка айылында болуп, электрик райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Таластын Манас райондук электр тармагы ишканасынын кызматкери Кайрат Салимбаевди жумуш учурунда ток уруп, оор жаракат алды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине жабырлануучунун карындашы Минюра Рахимжанова билдирди.

Туугандары бишкы инженер Кемелбек Зайытканов тиешелүү документке "зымда ток жок" деп кол коюп берип, Салимбаевди мамыга чыгууга буюрган деп айыпташууда.

Кырсык 1-августта Манас районунун Покровка айылында оңдоо иштери жүрүп жаткан учурда болгон. Электрик райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. 

Электрика Кайрата Салимбаева во время работы в районе Манаса ударило током и мужчина получил тяжелые травмы
© Фото / Минюра Рахимжанова
аластын Манас райондук электр тармагы ишканасынын кызматкери Кайрат Салимбаев карындашы Минюра Рахимжанова менен

"Инженер агамды "бул зымда ток жок" деп мажбурлап чыгарып ийиптир. Бирок мамыга чыккандан кийин ток урган. Кесиптештери алып түшүп ооруканага жеткириптир. Биринчи күнү агамдын абалы өтө оор эле. Жандандыруу бөлүмүнө түшүп, колдору титиреп токтобой жатты. Башкы инженер ошондо да жанына келип сурап же жардамдашып койгон жок", — деди Рахимжанова.

Ошондой эле ал Салимбаев менен Зайыткановдун бир жылдан бери ыркы келишпей жүргөнүн белгиледи. Бул окуядан кийин инженердин иштен кетишин талап кылып электриктин кесиптештери жана айылдаштары нааразылык акциясына чыгышкан.

"Кемелбек Зайытканов агам менен бир жыл мурун араздаша кетиптир. Анан уулум тынч иштесин деп атам менен апам андан кечирим сураганы барса, "менин колум узун, балаңардын түбүнө жетем" деген экен. Ошондон улам бул ишти коомчулук билбесе, ал инженер жоопко тартылбай кутулуп чыгып кетет деген шегим бар", — деди электриктин карындашы. 

Электрик Кайрат Салимбаев с бригадой
© Фото / предоставлено Минюрой Рахимжановой
Электрик Кайрат Салимбаев кесиптештери менен жумуш учурунда. Ал солдон оңду карай үчүнчү катарда турат

Кайрат Салимбаевди 5-августта кечинде ооруканадан үйүнө чыгарып кетишкен. Учурда башы айланып, шишиктери кете электигин айтышат. Дарыгерлер Бишкектен толук медициналык кароодон өтүшү керектигин айтып, жолдомо беришкенин билдирди.

Ал эми башкы инженер Кемелбек Зайытканов коюлган дооматтарды четке кагып, электр өзү инструктажды так сактабаганын айтып жатат.

"Ар бир адамдын жоопкерчилиги бар. Менин жоопкерчилигим — Салимбаевдин туура эмес иш кылып жатканын байкабай калганым. Ага өтүлгөн инструктажда ар бир линияга чыгуунун алдында токту өчүрүп, анан желдетме кой деп айтылган. Бирок ал биринчи линияны өчүрбөй туруп, экинчи линияга чыгып баратканда ток урган. Бул жерде күнөө өзүндө. Кечээтен бери маалыматтар бир тараптуу берилип жатат. Буга чейин анын эреже бузганын аныктап, жетекчиликке айтылып чара көрүлгөн. Ыркы келишпей жатат деп ошону айтышы мүмкүн. Кечээ Салимбаевдин туугандары жумушка келип мени сабап кетишти. "Эки күндүн ичинде жумуштан бошоп, бул жерден көчүп кет" деген талап коюшту", — деди Зайытканов.

Мындан сырткары, ал сабагандардын үстүнөн арыз жазып, соттук-медициналык кароодон өтүп, анан ооруканага жата турганын билдирди. Кечээ таяк жегенден кийин ооруканага барып алгачкы медициналык жардам алганын да кошумчалады.

Ал эми "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы башкы инженер Зайытканов иштен убактылуу четтетилгенин кабарлоодо. Учурда ишкананын Талас облусундагы филиалынын техникалык директору Айбек Асаналиев, техникалык коопсуздук кызматынын инженерлери жана юристтерден турган комиссия түзүлгөн. Толук маалымат комиссиянын жыйынтыгынан кийин берилет.

Тема боюнча

"УКМК кызматкерлери" күзөтчүнү ур-токмокко алганбы? Ээси окуя тууралуу
Жалал-Абадда токко урунган жоокер экинчи колунан ажырады
Белгилер:
оңдоо, айып, инженер, ток, Талас

ЭҢ МААНИЛҮҮ