Жалал-Абадда май куюучу жайдын кызматкери сабалды. Милиционер шектелүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековРаботы правоохранительных органов.
Работы правоохранительных органов. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алардын ортосунда буга чейин пикир келишпестик болгон.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда белгисиз адамдар май куюучу жайдын кызматкерин сабап кетишти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.

Кыргызстанец Чынгыз Суйунбаев - Sputnik Кыргызстан
"Агам милиционерлердин ур-тепкисинен көз жумган"... 14 жыл акыйкат издеген Чыңгыз
Анын айтымында, кызматкерди сабагандардын арасында милиционер дагы бар. Буга чейин жабырлануучу менен кол көтөргөндөрдүн биринин ортосунда пикир келишпестик болгон. Алар ортодогу маселени чечүү үчүн жолугушкан.

Ал учурда кылмыш иши козголуп, милиция ички иликтөө жүргүзүп жатканын кошумчалады. Жалал-Абад облустук ИИБдин маалымат кызматы окуя боюнча түшүндүрмө бере элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0