Уулуна дары алам деп... Сот дарыкананы карактаган токмоктуктун өкүмүн өзгөрттү

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүВ зале заседания Верховного суда РФ
В зале заседания Верховного суда РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Токмок шаардык соту кишини карактоого айыптап беш жылга эркинен ажыратуу менен 70 миң сомдук айып салуу өкүмүн чыгарган.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Чүй облустук соту Токмоктогу дарыкананы карактаган кишиге берилген жазаны өзгөрттү. Бул туурасында соттолуучунун адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирди.

Анын айтымында, шаардык сот тарабынан берилген жаза эки эсеге кыскартылган.

"Чүй облустук соту Токмоктун тургунун эки жарым жылга кесип, 50 миң сомдук айыпка жыкты. Иш мында да мурункудай эле "Карактоо" беренеси боюнча каралып, бирок кылмыш иши башка пунктка өзгөртүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Өкүмгө нааразы болгон адвокат эми Жогорку сотко кайрылып, өкүмдү жумшартуу боюнча даттана турганын белгиледи. Айыпкердин жактоочусу ишти Жазык кодексинин 201-беренесинин биринчи пункту менен кароону суранган. Эгер ал пункт менен каралганда, соттолуучу алты айга кесилмек.

Баласына дары алам деп камалган ата

Эске сала кетсек, "Токмоктогу дарыканалардын бирин карактап, 25 миң сом алып чыгып кетти" делген 33 жаштагы Замирбек Кожокановду Токмок шаардык соту 14-майда беш жылга эркинен ажыратып, мамлекетке 70 миң сом төлөмөр кылган

Шектүү көрсөтмөсүндө баласы ооруп, акчасы жок болгондуктан курткасын күрөөгө коюп, сатуучудан дары берүүнү өтүнгөнүн айткан. Бирок дарыканачы баш тарткандан кийин чыгып кетип, бир аздан соң кайтып келип кассадагы акчаны карактап кеткенин билдирген.

Сот. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токмокто баласына дары алам деп камалган ата. Өкүм чыгарган сот тууралуу факты
Мындай чечим социалдык тармакта ар кыл пикирлерди пайда кылып, көбү чыккан өкүмгө нааразы болгон.

Чуулуу ишти юристтер колго алган. Адвокаттар ал атанын ишин бекер эле коргоп берүүгө белсенип, иш кайра Чүй облусунун сотунда каралган.

Укук коргоочулар менен юристтердин бир жааты "сот чечими катаал чыгып калды" десе, экинчилери "мыйзам чегинде болду" деген пикирде эле.

Камакка алынган Кожоканов келинчеги менен Токмок шаарынын четинде батирде жашап, курулушта, жеке ишканаларда иштеп келген. Анын кичинекей эки кызы жана бир уулу бар.

Sputnik Кыргызстан Токмок шаарына барып, акчаны уурдай качкан жигиттин энеси менен сүйлөшүп, иштин чоо-жайын билип кайткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0