Сындан башы чыкпай... Пара менен кармалган Рустамовдун алешем иштери

© Sputnik / Аладьев СергейДиректор Госагентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства Абдыкалык Рустамов
Директор Госагентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства Абдыкалык Рустамов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов менен жардамчысы Арслан Ибраев 2000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. УКМК алар чет элдик жаранга 5 гектар жер берүүгө көмөктөшмөк болгонун билдирди.

Рустамовдун мындай кырдаалга кептелиши көпчүлүктү анча таң калтырган жок. Себеби буга чейин эле анын кынтык иштери четинен чубалып чыгып жаткан. Аткаминердин ишине ичи чыкпай депутаттар сындап, үч премьер-министр кейип, ал тургай Коопсуздук кеңеши да каарын төккөн. Ошондой болсо да Рустамов креслосунан ажыраган эмес. 

© Видео / Пресс-служба ГКНБЧөнтөктөн чыккан доллар. УКМК Абдыкалык Рустамовдун кармалган видеосун таратты
Сындан башы чыкпай... Пара менен кармалган Рустамовдун алешем иштери - Sputnik Кыргызстан
Чөнтөктөн чыккан доллар. УКМК Абдыкалык Рустамовдун кармалган видеосун таратты

Токой чарбадагы 13 жылы

Абдыкалык Рустамов 2006-жылы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине инспектор болуп келген. 2010-жылы ушул эле агенттиктин директорунун орун басарлыгына дайындалып, алты жыл иштеген. Андан соң директорлук орунга отурган.

Мурдагы директор Сабир Атажановду өкмөттүн жыйынында ошондогу премьер Сооронбай Жээнбеков доклад окуп жатканда регламентти бузганы үчүн зекип, "маскарапоз болуунун кереги жок" деген. Эки күндөн кийин аны кызматтан бошоткон.

Кайра-кайра берилген сөгүштөр

Абдыкалык Рустамов Токой чарба агенттигине директор болгондон тартып жыл сайын өкмөт башчыдан эскертүү же сөгүш алып турган.

Заместитель министра транспорта и дорог Азимкан Жусубалиев - Sputnik Кыргызстан
Тойдон түрмөгө карай. Жусубалиевге 520 миң доллар параны кантип беришкен?
2017-жылдын 24-февралында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков "коррупция менен жакшы күрөшпөй жатасың" деп сөгүш берген.

2018-жылдын 12-мартында премьер-министр Сапар Исаковдон өз ишин эптей албай, алгылыктуу кадамдарды жасабагандыгы үчүн катуу сөгүш алган.

Ушуну менен токтоп калган эмес. Үстүбүздөгү жылдын 15-февралында Рустамовго 2018-жылы иш пландарды жетишээрлик деңгээлде аткарган жок деп өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев да эскертүү берген.

Жогорудагы билдирүүлөр ЖМКга жарыяланган гана маалыматтар. Ал эми быйыл апрелде өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Рустамов бир эле жылда төрт дисциплинардык жаза алганы айтылды. Ал эки эскертүү, сөгүш жана катуу сөгүш болчу. 

© Фото / Пресс-служба ГАООС и ЛХАбдыкалык Рустамов 2006-жылы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине инспектор болуп келген
Сындан башы чыкпай... Пара менен кармалган Рустамовдун алешем иштери - Sputnik Кыргызстан
Абдыкалык Рустамов 2006-жылы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине инспектор болуп келген

Айдоочусун эл аралык жыйынга жөнөтүп ийген

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигин текшерип чыккан. Анда төмөндөгүдөй фактылар ачыкталган:

Токой чарба агенттиги коррупцияга каршы бекитилген 49 иш-чаранын 35ин гана аткарган. Бул жетекчилик коррупциялык иштерге көзөмөл жасабаганын айгинелейт.

Токой фондусунун 335 гектар жерине мыйзамсыз түрдө 3,5 миң объект, башкача айтканда, үй, эс алуу жайлары курулуп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ башчысы кеңешчисинин кармалышы боюнча үн катты
Ой келди адамдарды чет өлкөгө иш сапарга жөнөткөн. Бир эле адам кайра-кайра бара берген. Мисалы, штатта жок эле кызматкер чет өлкөдөгү эл аралык жыйындарга 7 жолу барып келген. Мындан сырткары, директордун жардамчысы жана айдоочусу болуп иштеген адамды Швейцариянын Женева шаарына иш сапарга жиберген. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигине кабарланган эмес.

Акча бөлүштүрүү боюнча да мыйзам бузуулар катталып, Кызыл китепке кирген жаныбарларды атууга жасалма документ берген.

Натыйжада коррупция менен күрөшүү пландары канааттандырарлык эмес деп табылган. Өкмөткө ээлеген кызматынан бошотууга чейинки жоопкерчилигин карап чыгуу сунушталган, бирок бул боюнча өкмөт эч кандай чара көргөн эмес. Рустамов мурда кандай иштесе кызматын ошол бойдон улантып жүргөн.

Келген аудитор кылмышты жашырып койгондо

Жакында эле УКМК Токой чарба агенттигиндеги мыйзам бузууларды жашырып койгон деп Эсеп палатасынын башкы инспекторун кармаган. Ал маяна жана башка төлөмдөрдү, кызматтык автоунааларды тейлөө үчүн бөлүнгөн акчаларды текшерип, жасалма акты түзүп койгон. Кийин кошумча аудит жүргүзүлгөндө финансылык мыйзам бузуулардын жаап-жашырылганы аныкталган. 

© Фото / Пресс-служба ГАООС и ЛХАбдыкалык Рустамов Токой чарба агенттигине директор болгондон тартып жыл сайын өкмөт башчыдан эскертүү же сөгүш алып турган
Сындан башы чыкпай... Пара менен кармалган Рустамовдун алешем иштери - Sputnik Кыргызстан
Абдыкалык Рустамов Токой чарба агенттигине директор болгондон тартып жыл сайын өкмөт башчыдан эскертүү же сөгүш алып турган

Өкмөт башчы качанга чейин чыдайт?

Абдыкалык Рустамовду депутаттар маал-маалы менен сындап турган. Соңку ирет Улукбек Ормонов Рустамовдун кылыгына "өкмөт башчы качанга чейин чыдайт?" деп нааразы болгон.

"Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен 15 миллион сом натыйжасыз пайдаланылганы боюнча жыйынтык чыккан. Глобалдык экологиялык фондусунан бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгону аныкталган. Токой чарбасын жетектеген кишинин мыйзамсыз жоруктарына өкмөт башчысы кантип чыдап отурат? Токой чарбасын толугу менен жок кылып алгандан кийин "аттиң, ай" деп өкүнүп калбайлы", — деп ызаланган Ормонов.

Ошондой эле ал кылмыш иштери боюнча материалдар прокуратурага жөнөтүлгөнүн айтып, ушул эле маселени вице-спикер Аида Касымалиева да бир нече ирет көтөрүп, премьерге кайрылганын билдирген.

Уран казууга уруксат берген

Быйыл 7-майда Жогорку Кеңеште "Уран казууга тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу болгон. Анда көз карандысыз эксперт Динара Кутманова Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамовду өз ыктыяры менен кызматын тапшырып кетишин талап кылган.

Анын айтымында, Кызыл-Омполдогу уран кенин чалгындоого экологиялык экспертизаны аталган агенттик алты жолу оң корутунду менен чыгарып берген.

"Мени күйгүзгөнү — агенттик алты жолу — 2010, 2012, 2013, 2015, 2016, 2019-жылдары кен боюнча оң корутунду чыгарып берип жатат. Абдыкалык Рустамов бетин кызартпай туруп мен берген сурамга Кызыл-Омпол аймагы буфердик зонада экенине карабай, ал "санациялык аймакта жайгашкан" деп жооп берип жатат. Кечиресиңер, бизди качанкыга чейин алдап жүрө бересиңер?" — деп ачууланды Кутманова.

Заседание по делу о возможном получении взятки Азимканом Жусубалиевым - Sputnik Кыргызстан
520 миң доллар пара менен кармалган министрдин орун басарына өкүм чыкты
Эксперт да жогорудагыдай алешемдиктерге карабастан анын жоопко тартылбай жатканына таң калган.

"Бардык экологиялык корутундуларга кол койгон киши эмне үчүн жоопко тартылбай жатат? Эмнеге? Эгер ушундай окуя өнүккөн башка мамлекеттерде болсо, жетекчи уятына чыдабай кызматтан кетип калмак. Андыктан мен Рустамовдун өзүнө кайрылам, өз ыктыярыңыз менен эле кетип калыңызчы", — деген Кутманова.

Коомдук угууга катышып отурган Рустамов эксперттин сөзүнө жооп берген эмес.

Ал арада УКМК Рустамов менен жардамчысын колго түшүргөн видеону таратты.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0