Жер тилкеси боюнча козголгон жаңы иште Нариман Түлеевдин аты аталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековБывший мэр города Бишкек Нариман Тюлеев
Бывший мэр города Бишкек Нариман Тюлеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамсыз иштер 2009-жылы Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэри болуп турган учурда болгон.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясынын кызматкерлери экс-мэр Нариман Түлеевдин жакын кишилерине (аффилированные лица) мыйзамсыз түрдө жер тилкесин берген деп айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кыянаттык менен пайдалануу") боюнча каттоого алынган.

"Бишкек мэриясында иштегендер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пайда көрүү максатында жер мыйзамдарын бузуп, Түлеевдин жакын адамдарына жер тилкесин берген. Бул иштер 2009-жылы Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэри болуп турган учурда болгон. Ала-Арча-3 конушунан 650 чарчы метр жер жеке турак жай куруу үчүн бөлүнгөн", — деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, аталган факты боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Мэриянын канча кызматкери шектелип жатканы боюнча кошумча маалымат берилмекчи. Материалдардын баары УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгына өткөрүлдү.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0